Бишкек, 09.11.26 /Кабар/. 11-ноябрда Бишкекте, 13-ноябрда Ош шаарында "Мыкты мектеп ашпозчусу — 2026" сынагынын финалдык баскычтары өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги финалга Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарынын өкүлдөрү катышса, Ош шаарындагы сынакта Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын ашпозчулары күч сынашат.
Катышуучулар финалга бир нече ай бою даярданышкан. Алар аралыктан окуудан өтүп, башкы ашпозчу, технолог жана нутрициолог менен вебинарларга катышкан. Ошондой эле өздөрүнүн автордук рецепттерин иштеп чыгып, тизме түзүшкөн.
Быйыл "Даам лабораториясы: “Дени сак окуучу” миссиясы" деп аталган финалдык сынак мелдеш менен катар окутуу форматында өтөт. Катышуучулар мектеп ашканасынын ишиндеги кемчиликтерди аныктоо, ашканада күтүлбөгөн кырдаалдарды чечүү жана азык-түлүктүн сапатын баалоо боюнча тапшырмаларды аткарышат.
Негизги сыноодо финалисттер өздөрүнүн автордук тамактарын жасап, алардын башталгыч класстын окуучуларына эмне үчүн ылайыктуу экенин, кандай пайдасы бар экенин жана балдардын табитине канчалык туура келерин түшүндүрүшөт.
Калыстар тобу гигиеналык талаптардын сакталышына, азык-түлүк жана ашкана шаймандары менен иштөөгө, рецептти туура аткарууга жана убакытты бөлүштүрүүгө баа берет. Ошондой эле башталгыч класстын окуучулары жана алардын ата-энелери даярдалган тамактардын даамын татып, "Элдик даам сынагы" номинациясынын жеңүүчүсүн аныкташат.
Эки финалдын тең байге ээлерине ашкана жабдууларын сатып алууга сертификаттар тапшырылат. Биринчи орунга 70 миң сом, экинчи орунга 40 миң сом, үчүнчү орунга 30 миң сом берилет.
Белгиленгендей, финалдын жыйынтыгында ашпозчуларга мындан аркы окуусу боюнча жекече сунуштар берилет. Ал эми белгиленген өтүү упайын топтогон катышуучуларга компетенция борборлору тарабынан тастыкталган окуудан өткөндүгү тууралуу сертификаттар тапшырылат.
Сынакты Агартуу министрлиги, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Россиянын Тармактык тамактануу институту (SIFI) уюштурууда. Иш-чара Россиянын каржылык колдоосу менен өтүп жатат.