Бишкек, 09.11.26 /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Эргеш Алиев атындагы Академиясында 10-класстын окуучуларын кабыл алуу аземи болуп өттү.
ИИМден билдиришкендей, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жана ИИМдин Эргеш Алиев атындагы Академиясы Бишкек шаарындагы №16 жана №73 жалпы билим берүү мектептерине кураторлук кылуу демилгесин ишке ашырууга киришти.
Бул багытта Академия тарабынан атайын "Жалпы билим берүү уюмдары менен өз ара кызматташуу концепциясы" иштелип чыкты. Концепцияга ылайык, Академиянын өздүк курамы окуучулар арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзөт.
Аталган мектептерде атайын укуктук-тартип класстары ачылып, 10-класстын окуучулары үчүн атайын формалар даярдалды. Алар Академиянын иш-чараларына жигердүү катышып, "Тартиптин жаш тескөөчүлөрү" катары иш алып барышат.
Окуучулар арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында интерактивдүү лекциялар жана семинарлар өткөрүлөт. Ошондой эле сергек жашоо образын жайылтуу максатында спорттук мелдештер уюштурулат.