Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Москва районунун тургундары менен жолугушууда милиция кызматкерлери тарабынан сабалганын айткан 33 жаштагы жарандын ишин териштирүүнү Башкы прокуратурага тапшырды.
Жолугушууда жергиликтүү тургун Сүйүнбү Базаркулова уулу милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, түнү бою сабалганын билдирди.
Анын айтымында, окуядан кийин уулунун ден соолугу начарлап, эки бөйрөгү иштебей майып болуп калган. Учурда ал гемодиализ алат.
Ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов бул факты боюнча Ички иликтөө кызматына тапшырма берилип, териштирүү иштери жүрүп жатканын маалымдады.
Президент Садыр Жапаров бул ишти Башкы прокуратура карашы керектигин белгилеп, Аскер прокуратурасы менен биргеликте териштирүүнү тапшырды.