Аламүдүн районунун прокурору пара талап кылуу фактысы менен кармалды

Укук тартиби Загрузка... 20 Март 2025 15:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 20.03.25 /Кабар/. Аламүдүн районунун прокурору пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комиттетинен билдиришти.

Кармоо иштери Аскер прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Аламүдүн районунун прокурору С.Ж.А. жаран Я.к.Ж.дан арыз ээсине карата мурда козголгон кылмыш иши боюнча үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоо маселеси боюнча оң чечим чыгаргандыгы үчүн 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы боюнча маалымат алынган.

Ошентип, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык ("Опузалап пара талап кылуу") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору С.Ж.А кармалып, Бишкек гарнизонунун Аскер комендатурасынын гауптвахтасына камакка алынган.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.