Кадамжай райондук күзөт кызматынын башчысы пара менен кармалды

Укук тартиби 1386 10 Июнь 2025 14:45
505590402_1556199098672426_633097995960989317_n.jpg
505574997_1556199108672425_5480239544800219695_n.jpg
505484899_1556199165339086_8387950941700791416_n.jpg
Алдыга
Артка
505590402_1556199098672426_633097995960989317_n.jpg
505574997_1556199108672425_5480239544800219695_n.jpg
505484899_1556199165339086_8387950941700791416_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 10.06.25. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Кадамжай райондук күзөт кызматынын башчысы Т.К.А. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кармалган Т.К. А. кол алдындагы кызматкерлерден мөөнөтүнөн ашык иштегендиги үчүн, ошондой эле негизги эмгек акысы үчүн түшкөн акча каражаттарынан ай сайын 10 миңден 30 миң сомго чейин системалуу түрдө опузалап алып тургандыгы аныкталган.

Баткен облусу боюнча ИИМ Ички иликтөө бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Т.К.А. кезектеги 95 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурда кармалган.

Учурда кармалган жаран УКМКнын Баткен облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.