Бишкек, 19.12.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 19-декабрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаашы ыктымал.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда -1... +4, Талас облусунда -1… +4, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +2... +7, Ысык-Көл облусунда 0... +5, Нарын облусунда -1... -6 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +2... +4 градусту түзөт.
Жолдор тайгак болот. Мындай аба ырайында узак жолго чыксаңыз жылуу кийинип, жаныңызга тамак-аш ала жүрүңүз. Унаа башкарууда аралыкты сактап айдаңыз.