Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Дүйнөдөгү геосаясий чыңалуунун өсүшү жана экономикалык туруксуздук Борбордук банктарды финансылык рыноктордогу кырдаалга, ошондой эле 2026-жылдын февраль айынан бери байкалган дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын ыкчам өсүшүнө өзгөчө көңүл бурууга мажбурлоодо. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков ШКУга мүчө мамлекеттердин финансы министрлери жана Борбордук банктарынын жетекчилеринин жолугушуусунда билдирди.
Анын айтымында, тышкы чакырыктарга карабастан, Кыргызстандын экономикасы жогорку өсүү темпин көрсөтүүнү улантууда.
“Акыркы 4 жыл ичинде экономикалык өсүш 9%дан жогору болуп, бул өлкөгө Борбор Азияда экономикалык өнүгүү темптери боюнча алдыңкы орундарды ээлөөгө мүмкүндүк берүүдө. 2026-жылдын алгачкы төрт айында экономиканын реалдуу өсүшү 12,4 %ды түздү. Өсүштүн негизги кыймылдаткычтары болуп курулуш, өнөр жай жана кызмат көрсөтүү тармактары саналат. Кыргызстанда, аймактагы жана ШКУга мүчө өлкөлөрдө да баалардын өзгөрүшү негизинен монетардык эмес мүнөзгө ээ”, - деди Улуттук банктын төрагасынын орун басары.
Козубеков белгилегендей, тышкы факторлордун фонунда дүйнөлүк энергия ресурстарынын баалары баа туруктуулугуна басым жасаган негизги факторлордун бири бойдон калууда. Алардын өзгөрүшү өндүрүштүн наркына, азык-түлүк жана өнөр жай товарларын ташууга түздөн-түз таасир этет.
“Кыргызстанда керектөөнүн түзүмүндө импорттук товарлардын үлүшү жогору болгондуктан, дүйнөлүк экономикалык чөйрөдөгү өзгөрүүлөр ички бааларга сөзсүз таасирин тийгизет. Мурунку жылдары инфляция Улуттук банктын орто мөөнөттүү 5–7 пайыздык максаттуу көрсөткүчүнүн чегинде болсо, 2025-жылдын ортосунан тарта өлкөдө инфляциянын тездеши байкалып жатат. Бул негизинен тышкы экономикалык жана геосаясий факторлор менен шартталган”, - деп белгиледи ал.
Маалымдалгандай, 2026-жылдын апрель айынын аягына карата жылдык инфляция 10,9 пайызга жеткен.
“Мындай шартта Улуттук банк бекем акча-кредит саясатын карманууну улантууда. 2025-жылдын июль айынан бери эсептик чен 9 %дан 12 %га чейин ырааттуу жогорулатылды”, - деп кошумчалады ал.
Козубековдун айтымында, бул чаралар инфляцияны жайлатуу үчүн туруктуу шарттарды түзүүгө багытталган.
“Кыргыз сомунун алмашуу курсунун салыштырмалуу туруктуу динамикасы инфляциялык күтүүлөрдү максаттуу деңгээлде кармап турууга көмөктөшүүдө. Улуттук банк эл аралык резервдердин жетиштүү деңгээлин сактоого өзгөчө көңүл бурат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын алтын-валюта резервдери 9 млрд АКШ долларынан ашып, болжол менен 6,5 айлык импортко барабар.
Ошондой эле өлкөнүн банк сектору туруктуулугун сактоодо. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча кредиттик портфель жана депозиттик база эки орундуу темп менен өсүүнү улантты. Бул оң динамика 2026-жылы да сакталууда. Мында валюталык тобокелдиктердин деңгээли орточо бойдон калууда. Экономиканын долларлашуусу төмөндөп жатат: улуттук валютадагы насыялардын үлүшү 80 %дан ашса, депозиттердин үлүшү 70 %га жакын. Бул жүргүзүлүп жаткан акча-насыя саясатынын натыйжалуулугун көрсөтүп, экономиканын тышкы валюта өзгөрүүлөрүнө көз карандылыгын азайтууга өбөлгө түзөт”, - деп билдирди Козубеков.