Коюу тумандан улам 15 учак башка шаарларга жөнөтүлдү – "Манас" аэропорту

Коом Загрузка... 18 Декабрь 2025 10:28
aeroport-tuman.730x0.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Бүгүн эртең менен коюу тумандан улам "Манас" аэропортуна келе жаткан 15 учак башка шаарларга жөнөтүлдү. Бул тууралуу аэропорттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 7 учак Ысык-Көл эл аралык аэропортуна, 3 учак Ташкентке, 5 учак Алматыга жөнөтүлгөн.

"Болжол менен 08:30дарга карата абал турукташып, учурда учуп-конуу үчүн аэропорт толук ачылды. Башка шаарларга жөнөтүлгөн каттамдар Бишкекке кайтууда", - деп билдиришти аэропорттон.