Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдарды берүүнүн тартиби жөнүндө маалымат берди.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул алууга ким укуктуу:
- иш берүүчү менен эмгек мамилесинде турган иштеген аялдар;
- жеке ишкерлер;
- дыйкан (фермердик) чарбалардын (ДФЧ) мүчөлөрү;
- белгиленген тартипте расмий түрдө жумушсуз деп таанылган жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу аялдар.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдарды дайындоонун негизи болуп саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан берилген эмгекке жарамсыздык жөнүндө баракчасы болуп саналат.
Жөлөк пул алуу үчүн кайда кайрылуу керек
- эмгек келишими менен иштеген аялдар - өз иштеген жери аркылуу;
- жеке ишкерлер, дыйкан чарбанын мүчөлөрү жана расмий жумушсуз аялдар - аймактык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарына.
Жөлөк пулду алуу үчүн керектүү документтер
- эмгек келишими менен иштеген аялдар - өз иштеген жери аркылуу арыз (эркин формада) жана эмгекке жарамсыздык баракчасы;
- жеке ишкерлер, дыйкан чарбаларынын мүчөлөрү жана жумушсуздук боюнча жөлөк пул алууга укуктуу расмий түрдө жумушсуз деп табылган адамдар жана расмий түрдө жумушсуз аялдар кош бойлуулук боюнча жөлөк пул алуу үчүн арызды (бекитилген форма боюнча) жана ИЖН тапшырышы керек;
- жөлөк пулду дайындоо үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтар мамлекеттик органдар тарабынан электрондук форматта "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу суралат.
Жөлөк пулдун өлчөмү жана төлөм тартиби
- Иштеген аялдар үчүн - биринчи 10 иш күн үчүн эмгек акынын (кирешенин) 100 пайызы өлчөмүндө, 11-иш күнүнөн баштап - республикалык бюджеттен айына 20 эсептик көрсөткүч (2000 сом) өлчөмүндө.
- Жеке ишкерлер, дыйкан чарбаларынын мүчөлөрү, жумушсуздук боюнча жөлөк пул алууга укугу бар расмий түрдө жумушсуз деп табылгандар үчүн - 11-иш күнүнөн тартып республикалык бюджеттен айына 20 эсептик көрсөткүч (2000 сом) өлчөмүндө. (2024-жылдын 1-январынан тартып 11-иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун өлчөмү айына 20 эсептик көрсөткүч эсебинде аныкталат (2000 сом).
- Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда иштеген аялдарга бардык жумушчу күндөрү - эмгек акысынын (кирешесинин) 100 пайызы өлчөмүндө.
Жөлөк пул төлөө тартиби
Жөлөк пул төлөө 11-иш күнүнөн тартып Эмгек министрлигинин ведомстволук бөлүмү тарабынан арыз ээсинин паспортун көрсөткөн учурда алуучулардын банктагы транзиттик эсептерине ("Элдик Банк", "Айыл Банк") каражаттарды которуу жолу менен борборлоштурулган түрдө жүргүзүлөт.