Корумду – Балбай баатыр жолуна асфальт төшөлүүдө

Аймак 04 Июль 2025 17:45
504434185_1040282174947195_2311492500396974571_n.jpg
504381803_1040282014947211_6005285371457935547_n.jpg
504384193_1040282071613872_62859634758189850_n.jpg
514774647_1040282171613862_3958610406612287818_n.jpg
515092361_1040282241613855_7938979629482611584_n.jpg
515760564_1040282064947206_2007602036474970878_n.jpg
515838876_1040282004947212_2218734239796416429_n.jpg
516394704_1040282128280533_2588887246531668908_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. Ысык-Көл айланма жолунун Корумду – Балбай баатыр тилкесинде жол куруу иштери кызуу жүрүүдɵ.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жолдун негизин даярдоо, асфальт төшөө, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жана кɵпүрɵ куруу жумуштары аткарылып жатат.

Курулуш иштери башталгандан бери 50 чакырым аралыкка бир тараптуу асфальттын астыңкы катмары басылды.

Белгилей кетсек, Корумду – Балбай баатыр тилкеси 17 калктуу конуш аркылуу өтөт. Реконструкциялоо иштеринин алкагында жол коопсуздугун камсыздоо максатында бардык талаптар сакталып, тийиштүү жерлерге багыт берүүчү элементтер жана жол белгилери коюлган.

Ошондой эле жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында жол үзгүлтүксүз грейдер менен тегизделүүдө. Мындан тышкары, 21 техниканын жардамы менен суу чачуу иштери да жүрүп жатат.

Белгиленгендей, Корумду – Балбай баатыр жолундагы оңдоо жумуштары бардык стандарт жана нормаларга ылайык так аткарылууда. Ошондой эле жол курулуш иштери – эски асфальт катмарын сыйруу, көпүрөлөрдү, түтүктөрдү, лотокторду жана башкаларды куруу, жердин негизин даярдоо сыңдуу көп баскычты камтыган процесс.

Эске салсак, “Ысык-Көл айланма жолунун 104-184,5-чакырымдар аралыгын (Корумду – Балбай баатыр тилкеси) реконструкциялоо” долбоору боюнча курулуш иштери 2024-жылдын 1-апрелинде толук кандуу башталган. Анда унаа жолду төрт тилкеге чейин кеңейтүү, тротуар куруу, велосипед жолу менен 14 көпүрөнүн жана 877 суу өткөргүчтүн курулушу жана реконструкциялоо жумуштары каралган.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында жарыктандыруу, жашылдандыруу, калктуу конуштарда аялдамалар, темир бетон парапеттер, тосмолор орнотулуп, эс алуу зонасы бар унаа токтотуучу жайлар курулат.