Коррупцияга каршы аракеттенүү жарандардын ишениминин негизи – ИИМ

Коом Загрузка... 09 Декабрь 2025 12:24
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Коррупцияга каршы аракеттенүү жарандардын ишениминин негизи, - деп билдирди Ички иштер министрлиги.

Ведомствонун маалыматына караганда, коррупция - бул бардык мамлекеттерге кандайдыр бир деңгээлде таасир эткен татаал социалдык, саясий жана экономикалык көрүнүш. Ал мамлекеттүүлүктүн пайдубалын бузуп, өнүгүүгө тоскоолдук кылат, бийлик институттарына ишенимди төмөндөтүү менен жарандардын укуктарынын бузулушуна шарт түзөт.

Коррупциялык көрүнүштөр демократиялык институттардын негиздерин бузат, мыйзамдын үстөмдүгү принцибин талкалайт жана бюрократиялык тоскоолдуктарды түзөт, алардын бирден-бир максаты мыйзамсыз сыйлыктарды опузалап алуу болуп саналат.

2003-жылдын 31-октябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясын кабыл алган жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгына катышуучу мамлекеттердин конференциясынын катчылыгынын функциясын тапшырган.

Бүгүнкү күндө 190 өлкө коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө жоопкерчиликтүү башкаруунун, отчеттуулуктун жана эл аралык милдеттенмелерди так сактоонун маанилүүлүгүн ырастоо менен Конвенцияны ратификациялады.

Башкы ассамблеянын резолюциясы менен 9-декабрь - бул көйгөйдүн масштабына коомчулуктун көңүлүн буруу жана аны алдын алуу боюнча глобалдык аракеттерди бекемдөө үчүн коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү деп жарыяланган.

Белгиленгендей, Ички иштер министрлиги коррупцияга жол бербөө саясатын ырааттуу жүргүзүп келет. Ар бир кызматкер мыйзамды так сактоого жана ар кандай коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгарууга милдеттүү.

"Биз жарандарды пара бербөөгө, мыйзамсыз компромисстерге барбоого, коррупция фактылары жөнүндө ички иштер органдарына билдирүүгө чакырабыз. Мамлекеттин жана коомдун биргелешкен күч-аракеттери менен гана ар бир жаран үчүн ачык-айкын, адилеттүү жана коопсуз өлкө кура алабыз", - деп айтылат маалыматта.