Жаратылыш коруктарында өткөрүү пункттары автоматташтырылат

Коом Загрузка... 08 Июнь 2026 12:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында заманбап өткөрүү пункттары курулуп, инфраструктурасы толугу менен жаңыланат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлик менен "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасынын ортосунда тиешелүү келишимге кол коюлду. Долбоордун жалпы суммасы 80 млн сомго жакын каражатты түзөт.

Келишимдин алкагында белгилүү "Сары-Челек" мамлекеттик биосфералык коругунда жана "Кыргыз-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркында заманбап өткөрүү пункттары курулат. Мындан тышкары, өлкө боюнча дагы 16 мамлекеттик жаратылыш паркында жана коруктарында толугу менен автоматташтырылган өткөрүү пункттарын орнотуу пландалууда.

"Бул долбоор коруктарга келген конокторду жана туристтерди каттоо тутумун санариптештирүүгө багытталган. Заманбап автоматташтырылган чечимдердин киргизилиши адам факторун азайтып, каржылык кирешелердин ачык-айкындуулугун камсыз кылат жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга шарт түзөт. Ошондой эле бул тутум экологиялык объектилерде көзөмөлдү күчөтүп, туристтер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды жаратмакчы", - деп айтылат маалыматта.