Коргоо министрлигинде аскердик терминдер сөздүгүнүн бет ачары өттү

Коом 16 октябрь 2025 14:35
565147311_1297069252433172_2731148476643657614_n.jpg
565593485_1297069362433161_4135957577178500378_n.jpg
565645503_1297069355766495_3779776728888042890_n.jpg
565664243_1297069655766465_829986785926451530_n.jpg
565698657_1297069532433144_2152714959540170508_n.jpg
564573742_1297069325766498_1156760191800302367_n.jpg
564596293_1297069465766484_1508005088138949039_n.jpg
564602954_1297069462433151_2291821052474554820_n.jpg
565130854_1297069452433152_2203052488833933686_n.jpg
565132798_1297069519099812_4521043843707157630_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. Бүгүн Коргоо министрлигинде аскердик терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүнүн бет ачары өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов, президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Терминологиялык комиссиянын төрагасы Кадаңбай Бактыгулов, Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун директору Темирбек Осмоналиев, Жогорку Кеңештин Аппаратынын котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн башчысы Азимжан Ибраимов, ошондой эле Коргоо министрлигинин аскер кызматчылары катышты.

Анда сөздүктүн мазмуну талкууланып, катышуучулар тарабынан бир катар сунуштар айтылды.

Иш-чара мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана аскердик терминологияны бир системага келтирүүгө багытталган маанилүү кадам катары белгиленди.