Коргоо министрлиги аскерлерге коопсуздук чаралар боюнча сабактарды өткөрүүдө

Коом 28 ноябрь 2025 15:18
589101282_1334270658713031_3070188246673966168_n.jpg
589264596_1334270825379681_2757290584339111851_n.jpg
589520492_1334270698713027_2253114895691835742_n.jpg
590884072_1334270652046365_517021041829621589_n.jpg
590907431_1334270625379701_5028812744734758693_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. 26-ноябрдан баштап Коргоо министрлигинин кошуундарында, аскер бөлүктөрүндө жана мекемелеринде коопсуздук чараларын сактоо боюнча сабактар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.

Ага ылайык, аскер кызматчыларга курал-жарактарды жана аскердик техниканы туура колдонуу жана сактоо эрежелери түшүндүрүлдү. Биринчи медициналык жардам көрсөтүү ыкмалары боюнча да практикалык сабактар өткөрүлдү.

Ошондой эле кызматты коопсуз алып баруу шарттарын камсыз кылуудагы талаптар, өзгөчөлүктөр жана алардын маанилүүлүгү жеткирилди.