Кореядагы кыргызстандыктар үчүн 4 шайлоо тилкеси иштеп жатат

Коом 30 ноябрь 2025 15:10
591883176_25165486029812457_1233307228561748202_n.jpg
591203631_25165486223145771_8546355204426904552_n.jpg
591912502_25165486193145774_1092198056682797486_n.jpg
591933583_25165486066479120_8510989979271986124_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Аида Исмаилованын социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Кореяда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн 4 шайлоо тилкеси иштеп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, алар:

  • Сеул шаарында — №9042 шайлоо тилкеси;
  • Инчхон шаарында — №9068 шайлоо тилкеси;
  • Тэджон шаарында — №9070 шайлоо тилкеси;
  • Сувон шаарында — №9069 шайлоо тилкеси.

"Бүгүн кыргызстандыктар үчүн абдан маанилүү жана жооптуу күн — жарандар кайсы жерде жүргөнүнө карабастан, элдин татыктуу өкүлдөрүн тандоо күнү. Учурда Кореяда да биздин жарандар добуш берүү үчүн участокторго келип жатышат", - деп жазды ал.