Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кореяга болгон сапарынын алкагында KEITI мамлекеттик корпорациясынын жана SAMAN компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.
Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда ичүүчү суу менен камсыздоо маселесинин актуалдуулугу белгиленди.
Тараптар Жалал-Абад облусунун калктуу конуштарын суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча башкы планды иштеп чыгуу долбоорун ишке ашыруу маселесин талкуулашты. Долбоор 35 калктуу конушту, анын ичинде Шамалды-Сай жана Кочкор-Ата шаарларын коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоону карап, жалпы 126 миңден ашуун калкты камтыйт.
Долбоордун алкагында заманбап суу чарба инфраструктурасын куруу, анын ичинде суу алуу жайларын, насос станцияларын, резервуарларды жана магистралдык суу түтүктөрүн куруу пландалууда. Бул чаралар аймакта туруктуу суу менен камсыздоо системасын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле жолугушууда SAMAN компаниясынын Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачуу маселеси талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары чыңдоого, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана экологиялык туруктуулук менен инфраструктураны өнүктүрүү багытында өнөктөштүктү кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.