Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Кыргызстанга жаныбарлардын жугуштуу ылаңын кирип кетүүсүнө жана жайылышына жол бербөө максатында ветеринардык-санитардык көзөмөл чаралары күчөтүлүүдө. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын Эпизоотияга каршы күрөшүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда өлкөгө жугуштуу ылаңдардын жана кооптуу мал чарба продукцияларынын киришине каршы тиешелүү алдын алуу чаралары көрүлүүдө.
"Дүйнөлүк жаныбарларды коргоо уюмунун маалымат тутумунда жарыяланган расмий билдирүүлөргө ылайык, жаныбарлардын жугуштуу оорулары катталган өлкөлөр же аймактар боюнча эпизоотиялык кырдаалга баа берилет. Ага ылайык, ал жактардан ташылып келүүчү жаныбарларды жана продукцияларды Кыргыстанга алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизилет. Министрлик жарандарды жана фермерлерди ветеринардык-санитардык мыйзам талаптарын так сактоого чакырат",-деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, бул аракеттер жаныбарлардын саламаттыгын сактоо боюнча эл аралык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылууда.