Кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы жаңы стратегия иштелип чыгат

Коом 12 Май 2026 19:10
692509412_1552598923541403_1619113821633910609_n.jpg
692609518_1552598986874730_3721223336639331986_n.jpg
695797177_1552598920208070_1696288938615470061_n.jpg
Алдыга
Артка
692509412_1552598923541403_1619113821633910609_n.jpg
692609518_1552598986874730_3721223336639331986_n.jpg
695797177_1552598920208070_1696288938615470061_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков күн мурун кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрдү.

Өз сөзүндө Адилет Орозбеков Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин, учурдагы чакырыктар менен коркунучтарды эске алуу менен, кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин азайтуу боюнча чараларды жөнгө салуучу улуттук стратегиялык документтин долбоорун тез арада иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү тобокелдиктерди камтыган жаңы чакырыктарга, ошондой эле ФАТФ стандарттарын улуттук мыйзамдарга ыкчам киргизүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.