Коопсуздук катчылары Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын аймакка таасирин талкуулашты — Кабар

Коопсуздук катчылары Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын аймакка таасирин талкуулашты

Саясат 24 апрель 2026 17:15
DSC_3345 — копия.JPG.jpeg
DSC_3781.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
DSC_3345 — копия.JPG.jpeg
DSC_3781.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 24-апрелде Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын III жолугушуусуна катышты.

Жолугушууга ошондой эле Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын коопсуздук кеңештеринин катчылары катышты.

Аймактык жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, терроризмге, экстремизмге, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, анын ичинде баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана киберкоркунучтарга каршы аракеттенүү жаатындагы өз ара кызматташууну кеңейтүү жөнүндөгү актуалдуу маселелер талкууланды.

Катчылар Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялар жана алардын Борбор Азиядагы аймактык коопсуздукка тийгизген таасири тууралуу тынчсызданууларын да билдиришти.

Мындан тышкары, Борбор Азияда транспорт жана азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы өз ара кызматташууну чыңдоо боюнча пикирлер алмашылды.