Жаңы жылдык дасторкон. Адис тамак-ашты ашыкча жасабоону сунуштайт

Коом Загрузка... 30 Декабрь 2025 16:16
WhatsApp Image 2025-12-29 at 17.46.35.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.12.25. / Кабар/. Жаңы жылды утурлай, тамак-ашты үй-бүлөдөгү кишинин санына ченеп ар түрдүү, витаминдүү кылып аз-аздан даярдоо керек. Мындай кеңешин Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери Кундуз Есенгулова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, тамак-ашты көп жасап, 3-5 күндөп муздаткычка салып коюп жегенге болбойт.

“Ар бир адам жеп жаткан тамагын өзү көзөмөлдөп, үйдө тамак даярдоодо гигиенаны сактоосу керек. Эт, балык, жер-жемиштерди туураган тактайлар өз-өзүнчө болуусу шарт. Мисалы, эттүү кылып бир тамак жасап, калган тамактарды, салаттарды жеңил, сиңимдүү кылып жасаса болот. Бардык тамакты даярдагандан кийин бөлмө температурасында 3 саат тургандан кийин сөзсүз муздаткычка салуу керек. Үйдүн температурасында 4-5 сааттан ашык коюп, кайра жылытып жегенде микробдор пайда болот. Ошондон улам, тамак-аштан уулануулар болуп калышы мүмкүн”,- деди Есенгулова.

Дарыгер чийки этти, жумуртканы жууп туруп бышыруу зарылдыгын эскертти.

“Негизи чийки этти, жумуртканы жууп туруп анан колдонуу керек. Тамак даярдоодо температураны туура жеткирүү да маанилүү. Мисалы, кээ бир азык 100, айрымдары 80 градуста бышат. Андан тышкары, азыр базарларда, дүкөндөрдө, көчөдө крем кошулган таттуу азыктар кеңири сатылып жатат. Тортторду, таттуу токочторду көчөдөн же санитардык талаптар сакталбаган жерлерден сатып алуу кооптуу болуп саналат. Анткени, ал товарларда чыгарылган күнү, датасы, маркировкасы көрсөтүлгөн эмес. Кайсы жерден чыгарылганы да белгисиз. Ошондуктан, даярдоо, сактоо талаптары сакталган дүкөндөрдөрдөн гана сатып алууну сунуштайм”,- дейт ал.