Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында заманбап "Автоураган" аппараттык-программалык комплекстери ишке киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Жаңы технологиялык тутумдар өлкөнүн негизги делген төмөнкү багыттарына орнотулду:
- Бишкек – Кордай;
- Бишкек – Нарын – Торугарт;
- Бишкек – Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол.
"Автоураган" комплекстери укук бузуулардын бир нече түрүн автоматтык түрдө аныктоого жөндөмдүү. Атап айтканда:
- ылдамдык режимин сактабоо;
- карама-каршы тилкеге чыгуу;
- коопсуздук курун тагынбоо;
- жол белгилеринин жана чийиндердин талаптарын бузуу;
- "Коопсуз шаар" долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдардын бардыгын аныктоо.
"Биздин негизги максатыбыз – айып пул салуу эмес, жол кырсыктарын алдын алуу жана адам өмүрүн сактоо. Анткени, адам өмүрү баарынан кымбат. Урматтуу айдоочулар, сиздерди жол эрежелерин так сактоого чакырабыз", – деп айтылат маалыматта.