Коопсуз өлкө: "Автоураган" комплекстери кайсы жолдордо иштеп жатат?

Коом 409 08 Июнь 2026 17:00
3.jpg
1.jpg
2.jpg
717017145_1397170195765311_1590817974027584332_n.jpg
717186251_1397170585765272_7957579564938449924_n.jpg
717338311_1397170652431932_9074218924807895972_n.jpg
717402557_1397170695765261_7315156734423599848_n.jpg
718086737_1397170302431967_3593538939004809725_n.jpg
718204027_1397170235765307_705942355648999583_n.jpg
718221469_1397170582431939_3956287741677648231_n.jpg
720737783_1397170699098594_3405309631469979643_n.jpg
720920210_1397170579098606_4586302200522940694_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ИИМ

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жол кыймылын көзөмөлдөө максатында заманбап санариптик технологияларды жигердүү киргизүүдө.

Ведомствонун маалыматына караганда, "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында өлкөнүн негизги унаа жолдорунда интеллектуалдык видеобайкоо камералары, аппараттык-программалык комплекстер жана мобилдик көзөмөлдөө тутумдары этап-этабы менен орнотулуп, ишке берилүүдө.

Бүгүнкү күндө заманбап мониторинг тутумдары Бишкек шаарынын аймагында, ошондой эле Бишкек – Кордой, Бишкек – Нарын – Торугарт, Бишкек – Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол жана Бишкек – Ош унаа жолдорунун айрым тилкелеринде иштеп жатат.

"Жолдордогу абалды көзөмөлдөө үчүн "Автоураган" мобилдик комплекстери жана аппараттык-программалык комплекстер колдонулууда. Алар ылдамдыкты ашыруу, каршы тилкеге чыгуу, жол белгилеринин талаптарын сактабоо жана башка укук бузууларды автоматтык түрдө каттайт", - деп айтылат маалыматта.