Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигине заманбап санариптик технологиялар менен жабдылган кызматтык автоунааларды тапшыруу аземине катышты.
Министрлер кабинетинин башчысы сөзүндө "Коопсуз өлкө" долбоорунун ишке ашырылышына өзгөчө көңүл бурду.
"Бүгүнкү күндө республиканын көчөлөрүндө, коомдук жайларда жана туристтик объекттерде 10 миңге жакын видеокөзөмөл камералары иштеп жатат. Долбоордун экинчи этабынын алкагында, 2026-жылдын аягына чейин алардын санын 20 миңге жеткирүү пландаштырылууда", - деп белгиледи ал.