Уран калдыктары бар аймактарды өнүктүрүү үчүн жаңы кооперация түзүлдү

Коом 390 05 Июнь 2026 09:10
713943652_1406909351481787_7942149462489381480_n.jpg
716495614_1406909348148454_1735354578960281202_n.jpg
713923903_1406909444815111_8036910070117199261_n.jpg
716704214_1406909431481779_3501529099719861857_n.jpg
Алдыга
Артка
713943652_1406909351481787_7942149462489381480_n.jpg
716495614_1406909348148454_1735354578960281202_n.jpg
713923903_1406909444815111_8036910070117199261_n.jpg
716704214_1406909431481779_3501529099719861857_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Нарын облусунун Миң-Куш айылында өткөн "Унутта калган шаарларды жандандыруу" аттуу туристтик форумда өлкө үчүн маанилүү чечим кабыл алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анда уран калдыктары жайгашкан объекттерге жакын жайгашкан муниципалитеттердин жетекчилери биргелешип иштешүү үчүн кооперация түзүштү.

Иш-чара Европа биримдигинин каржылык колдоосу менен өтүп, ага ЕККУ жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү катышты.

Жаңы түзүлгөн кооперация уран калдыктары бар аймактардын кызыкчылыктарын биргелешип коргоо жана кошумча инвесторлорду, ресурстарды тартуу, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана рекультивациядан кийинки мониторингди бирге жүргүзүү, уран маселеси менен гана чектелбестен, бул аймактарда жергиликтүү бизнести, туруктуу туризмди өнүктүрүү жана инфраструктураны жандандыруу менен алектенет.

Жаңы бирикмеге Майлуу-Суу шаарынын, Миң-Куш, Кара-Таш, Кызыл-Жар, Терек-Сай, Молдо Нияз, Күн-Чыгыш аймактарынын жетекчилери жана эл аралык эксперттер кирди.

Форумдун алкагында аймактарды өнүктүрүүнүн альтернативдүү экономикалык жолдорун издөөгө багытталган 2027-2029-жылдарга карата иш-планы талкууланды. Анда чакан шаарларды туруктуу туризм аркылуу кайра бутуна тургузуу долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурулду.