Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер, коомдук жана мамлекеттик ишмер Алманбетов Өмүрбек Бадыевич дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.
Ал 1953-жылы 4-августта Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында төрөлгөн. Билими жогорку, СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде экономист кесиби боюнча билим алган. Алгач эмгек жолун Өзгөн районундагы ири совхоздун профсоюз комитетинин төрагасынын орун басары болуп баштаган. Ошол эле мезгилде коомдук иштерге да активдүү катышып, райондук комсомол комитетинин ревизиялык комиссиясын жетектеген.
Кийинки жылдары райондун жана облустун партиялык органдарында бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. 1985-жылдан тарта партиянын Өзгөн райондук комитетинин жана Ош облустук комитетинин инструктору, Ош обкомунун Иш башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген. Партиялык кызматта жүргөндө Москва шаарындагы КПСС Борбордук комитетинин Коомдук илимдер академиясында жана Алматыдагы Жогорку партиялык мектепте кошумча саясий билим алып, Өзгөн райондук партия комитетинин мүчөсү болуп шайланган.
Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден кийин да мамлекеттик кызматтын ар кыл тармактарында ишин уланткан. Ал Ош облусунун облустук түзүмдөрүндө тышкы экономикалык байланыштар комитетинин төрагасынын орун басары, Мамлекеттик мүлк фондунун облустук бөлүмүнүн башчысы жана Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын бөлүм башчысы кызматтарын аркалаган.
1999-жылы өкмөттүн аппаратынын бөлүм башчысы болуп дайындалып, ошол эле жылы ноябрда Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын — губернатордун орун басары болуп бекитилген. Бул кызматта 2005-жылдын март айына чейин иштеп, мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатууга чоң салым кошкон. 2003-жылы президенттин жарлыгы менен ага мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси деген класстык чин ыйгарылган.
2013-жылга чейин, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө багытталган бир катар эл аралык долбоорлорду жетектеген. 2013-2017-жылдары Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун кеңешчиси болуп иштеген.
2017-жылы Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун дирекциясын жетектеп, 2022-жылдан өмүрүнүн акыркы мүнөтүнө чейин Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун дирекциясынын директорунун кеңешчиси катары ишин улантып келген.
Өзүнүн көп жылдык эмгеги жана мамлекеттик кызматка болгон берилгендиги үчүн Алманбетов Өмүрбек Бадыевич бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга татыган. Алардын катарында:
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги";
- "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун отличниги";
- "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун отличниги";
- "Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги" төш белгилери;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл" юбилейлик медалы;
- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн энчиленген сааты;
- "Ош облусунун Ардактуу атуулу";
- "Кара-Кулжа районунун Ардактуу атуулу" сыйлыктары менен сыйланган.
Анын Кыргыз мамлекетин анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана кесиптик чеберчилиги жогору бааланып, 2017-жылы "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эмгек сиңирген кызматкери" ардактуу наамы ыйгарылган.
Өмүрбек Бадыевич өзүнүн басып өткөн эмгек жолунда мамлекеттик кызматта, экономика тармагында жана жергиликтүү өз алдынча башкарууда берилгендик менен иштеп, кесипкөйлүктүн жогорку үлгүсүн көрсөткөн инсан болгон.
Үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Кош болуңуз ардактуу Өмүрбек Бадыевич, жаркын элесиңиз түбөлүк эсибизде калат.
Д.Д. Амангелдиев, У.Э. Маматканов, Э.А. Акунбеков, А.С. Кадыралиев, М.К. Укушов, А.Б. Апсатаров, Н.К. Ташбеков, Д.Т. Орунбеков, С. Абдумуталип, Д.А. Алмазбеков, Н.А. Сулайманкулов, Н.Н. Бөрүбаев, У.А. Апсаматов, Н.К. Кубанычбекова, Б.Б. Үсөналиев, Б.И. Орозбаев, Б.М. Стамкулов, Э.Н. Жантаев, Н.К. Касиев, А.М. Муралиев жана башкалар.