Коомдук транспорттун айдоочуларына көзөмөл күчөйт – мэрия

Коом 20 январь 2026 11:05
287866.jpg
WhatsApp Image 2026-01-20 at 07.31.42.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-20 at 07.31.42 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-20 at 07.31.42 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-20 at 07.31.41.jpeg
Алдыга
Артка
287866.jpg
WhatsApp Image 2026-01-20 at 07.31.42.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-20 at 07.31.42 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-20 at 07.31.42 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-20 at 07.31.41.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасында коомдук транспорттун айдоочулары тарабынан жол кыймылынын эрежелерин сактоо жана жол коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда жүргүнчүлөр агымы көп болгон аялдамаларда ар жуманын шейшемби, бейшемби жана жума күндөрү өткөрүлүп жаткан рейддик иш-чаралардын жыйынтыктары талкууланды. Ошондой эле жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кошумча инструктаждар өткөрүлдү.

Талкуунун жүрүшүндө жол кырсыктарынын негизги себептери каралып, коомдук транспорттун айдоочуларынын жоопкерчилигин жогорулатууга жана жол кыймылынын эрежелерин сактоого карата көзөмөлдү мындан ары күчөтүүгө багытталган бир катар сунуштар айтылды.