Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарына жана конокторуна күнүмдүк каттамдарда мүмкүн болушунча коомдук транспортту тандоону сунуштады.
Мэриядан белгилешкендей, бүгүнкү күндө коомдук транспорт жеке унаага караганда ыңгайлуу болуп саналат. Ошондой эле күйүүчү майга, техникалык тейлөөгө жана унаа токтотууга кеткен чыгымдарды азайтууга мүмкүнчүлүк берет.
"Акыркы жылдары Бишкек шаарында автобустардын паркы жаңыланды. Ал эми жол кирени банк картасы, QR-код, "Тулпар" транспорттук картасы жана башка накталай эмес төлөм ыкмалары аркылуу төлөөгө болот. Муниципалдык автобустар экологиялык жактан таза күйүүчү майдын түрлөрүндө иштеп, зыяндуу заттардын абага бөлүнүп чыгышын азайтууга жана борбор калаадагы экологиялык абалды жакшыртууга салым кошууда", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, мэрия жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылуу максатында шаарда коомдук транспорт үчүн атайын бөлүнгөн тилкелерди өнүктүрүү иштери уланып жатканын белгиледи.
"Бул автобустардын жол тыгындары көп болгон тилкелерден ылдам өтүшүнө шарт түзөт. Ошондой эле 60 мүнөттүн ичинде акысыз кайра отуруп жүрүү мүмкүнчүлүгү каралган. Мунун аркасында жүргүнчүлөр кошумча төлөмсүз бир нече каттамды пайдалана алышат", - деп белгилешти мэриядан.