Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги "Электрондук консул" мобилдик тиркемесин ишке киргизди.
Ведомствонун маалыматына караганда, тиркеме чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарына, ошондой эле өлкө аймагынан тышкары чыгууну пландап жаткан жарандарга консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана ыкчамдыгын жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Мобилдик тиркеме Электрондук консул санариптик платформасынын негизинде иштелип чыгып, жарандардын консулдук маселелер боюнча министрликке жана Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине кайрылуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Биринчи этапта тиркеменин колдонуучуларына айрым консулдук кызмат көрсөтүүлөр электрондук форматта жеткиликтүү болот. Атап айтканда, Кыргызстанга кайтып келүүгө күбөлүк тариздөө, документтерди талап кылуу, кабыл алууга алдын ала жазылуу, ошондой эле убактылуу же туруктуу консулдук каттоого туруу кызматтары каралган.
Мындан тышкары, тиркемеде чет өлкөгө чыгуу эрежелери, консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси, ошондой эле Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин даректери жана байланыш маалыматтары камтылган.
Ошондой эле кечиктирилгис жагдайга туш болгон жарандарга Кыргызстандын тиешелүү чет өлкөдөгү мекемесине ыкчам кайрылуу жөнөтүүгө мүмкүндүк берүүчү SOS функциясы каралган.
Министрлик мындан ары мобилдик тиркеме аркылуу көрсөтүлүүчү электрондук консулдук кызматтардын тизмесин кеңейтүүнү пландаштырууда.