Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Комсомол – Барпы – Түрк-Абад жолу асфальтталууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Комсомол – Барпы – Түрк-Абад жолунун жалпы узундугу 5 чакырым 400 метрди түзөт. Учурда жолдун 4 чакырымы төрт тилкелүү болуп, эки катмар асфальт толук төшөлүп бүттү. Калган бөлүгүндө асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
Жол куруу иштерине атайын техникалар тартылып, 20га жакын кызматкер эмгектенүүдө.