Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда улуттук музыкалык искусствону өнүктүрүү жана жаңы таланттарды шыктандыруу максатында эки республикалык ачык кароо-сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чара президенттин улуттук баалуулуктарды сактоо жана "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолун ишке ашыруу жарлыктарынын алкагында Композиторлор союзу жана Улуттук маданий борбор менен биргеликте уюштурулууда.
Жарыяланган сынактардын багыттары:
- "Музыка иликтөө боюнча мыкты эмгектер” республикалык ачык кароо-сынагы (илимий изилдөөлөргө дем берүү);
- "Оркестрлер үчүн чыгармалар" республикалык ачык кароо-сынагы (симфониялык, камералык, эл аспаптар жана фольклордук оркестрлер үчүн жаңы музыка жаратуу).
Белгиленгендей, эмгектер үстүбүздөгү жылдын 30-октябрына чейин кабыл алынат. Музыка иликтөө эмгектери академиялык талаптарга ылайык, электрондук жана басма түрүндө тапшырылышы керек. Оркестрдик чыгармалар партитурасы жана аспаптык партиялары менен бирге сунушталууга тийиш.
Сынактын жыйынтыгы 2026-жылдын декабрь айында Бишкек шаарында чыгарылып, жеңүүчүлөргө акчалай жана атайын сыйлыктар ыйгарылат.