Комитет Улуттук банктын төрагалыгына Бакетаевдин талапкерлигин жактырды

Коом Загрузка... 18 Март 2026 12:14
1048182880_0_38_1280_762_1920x0_80_0_0_81322e8ebd91478e7692d1f88b635d0e.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети Улуттук банктын төрагалыгына Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин жактырды.

Алмаз Бакетаев буга чейин финансы министри кызматын аркалып келген.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Марлен Маматалиев Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан кетүү тууралуу арыз бергенин айткан.