Көк бөрү: 2-орунду ээлеген Казакстанга 3,5 млн сом тапшырылды

Көчмөндөр оюндары-2026 6 сентябрь 2026 14:35
Көк бөрү: 2-орунду ээлеген Казакстанга 3,5 млн сом тапшырылды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. Көк бөрү оюнунун финалында экинчи орунду ээлеген Казакстандын курама командасына 3,5 млн сом тапшырылды.

Жеңүүчүлөргө сыйлыкты маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев ыйгарды.

Анда казак спортчуларына VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалы жана 3,5 млн сом акчалай сыйлыктын сертификаты берилди.

Белгилей кетсек, көк бөрү оюнунун финалында Кыргызстан-Казакстан беттеши 12:0 эсебинде аяктаган.