Жүн экологиялык жер семирткич: Кыргызстанда жаңы продукцияга суроо-талап өсүүдө

Коом Загрузка... 26 Февраль 2026 09:34
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Кыргызстанда койдун жүнүн кайра иштетүү аркылуу алынган экологиялык таза жер семирткичке суроо-талап өсүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкер Кундуз айым 2025-жылдан тарта койдун жүнүнөн органикалык жер семирткич өндүрүүнү колго алган. Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин адистери өндүрүш процесси менен жеринен таанышып чыгышты.

Жер семирткичтин артыкчылыктары:

  • топурактын түшүмдүүлүгүн жогорулатат;
  • нымдуулукту узакка сактоого жардам берет;
  • өсүмдүктөрдүн өсүп-өнүшүнө оң таасирин тийгизет.

Бул инновациялык продукция өзгөчө органикалык дыйканчылык менен алектенген чарбалар арасында жогору бааланууда. 2026-жылдын башынан тарта буйрутмалардын саны кыйла көбөйгөндүктөн, учурда ишкер өндүрүш көлөмүн кеңейтүү иштерин жүргүзүп жатат.

Адистердин айтымында, мындай демилге мал чарбачылыгындагы калдыктарды натыйжалуу пайдалануу менен бирге, өлкөдө туруктуу жана экологиялык таза айыл чарба ыкмаларын жайылтууга чоң өбөлгө түзөт.