Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө окуучулар үчүн экскурсия уюштурулду

Коом 1042 26 Февраль 2025 15:47
480928281_1064286465747207_8834236765861918950_n.jpg
481021380_1064286549080532_5759466064034787712_n.jpg
481072419_1064286552413865_6934195236741541017_n.jpg
481079686_1064286455747208_5419861406687529740_n.jpg
480731004_1064286459080541_2701070319275029808_n.jpg
481045484_1064286375747216_2756740825645726916_n.jpg
481079625_1064286365747217_5716744426518626406_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүндө Бишкектин №81, 83, 86, 99, 101, 106, 108 мектептердин окуучулары үчүн экскурсия уюштурулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, экскурсиянын жүрүшүндө окуучулар аскердик техникалар менен таанышып, жоокерлердин күнүмдүк турмушун көрүштү.

Экскурсиянын негизги максаты өсүп келе жаткан муундардын Мекенге болгон сүйүүсүн, патриоттук сезимин ойготуу болду.

Ошондой эле №24-мектептин окуучулары абадан коргонуу аскер бөлүгүнө экскурсия жасап, алардын аскердик кызмат жана анын Ата Мекенди коргоодогу мааниси тууралуу түшүнүктөрүн дагы да байытты.

Белгилей кетсек, бул экскурсия жаштар арасында аскердик кызматка болгон сый-урматты жана өз өлкөсү менен сыймыктанууну калыптандыруудагы маанилүү кадам болуп калды.