Көчмөндөр оюндары: Туристтердин агымы 5-6 эсеге өсүшү мүмкүн

Көчмөндөр оюндары-2026 24 Август 2026 18:00
kubatov.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитетинин курамында активдүү иш алып барып, иш-чаранын логистикасынын кеңири бөлүгүнө жооп берет. Бул тууралуу мекеменин директору Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, агенттик катышуучуларды жана конокторду ташуу үчүн 400гө жакын унааны камдайт. Транспорт "Манас" аэропортунан жана "Бишкек Арена" спорт комплексинен Кырчын жайлоосуна жана Чолпон-Ата шаарына чейин каттайт.

"Биз логистика жана транспорт маселелерине жооп беребиз. Мындан тышкары, агенттик эл аралык журналисттер жана популярдуу блогерлер үчүн эки ири пресс-тур уюштуруп, чет өлкөлүк расмий делегацияларды коштоп жүрүүнү камсыздайт", - деди Кубатов.

Мекеме жетекчиси Көчмөндөр оюндарынын алкагында агенттиктин туризм тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы чоң болорун белгиледи. Анын айтымында, болжолдоолор боюнча туристтердин саны 5-6 эсеге көбөйүшү мүмкүн.

Кубатовдун баамында, оюндардын Кыргызстандагы жыйынтыктоочу таасири буга чейин Казакстанда жана Түркияда өткөн ушул сыяктуу иш-чаралардын көрсөткүчтөрүнөн 2-3 эсеге жогору болот.

Ошондой эле ал оюндар учурунда мамлекет башчыларынын жана көптөгөн чет элдик делегациялардын келүүсүнө байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлөрүн белгиледи.

"Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана көрүүчүлөрдү ташуу үчүн шаттл-автобустарды уюштурса, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик расмий өкүлдөрдү жана спортчуларды Чолпон-Атага жеткирүүнү камсыздайт", - деди ал.