Кочкордун "Бай-Эл" командасы 300 чакырымдык ат марафонуна катышууда

Көчмөндөр оюндары-2026 2 сентябрь 2026 12:12
copyright icon KABAR Кабар

Ысык-Көл, 02.09.26 /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында биринчи жолу "Көчмөндөр жүрүшү" эл аралык ат марафону 300 чакырым аралыкта өтүп жатат.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан жана Ирандан жалпы 8 команда катышууда.

Нарын облусунун Кочкор районунан Бай-Эл командасы марафонго катышып жатат. Команданын жетекчи саяпкери — Калыйбай Саралаев.

300 чакырымдык марафон аттын чыдамкайлыгын, даярдыгын жана чабандестин чеберчилигин сынаган өзгөчө таймаш болуп саналат. Мындай узак аралыктагы ат марафону Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында биринчи жолу өткөрүлүүдө.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.