Кочкордогу стадионду куруп жаткан компанияга эскертүү берилди

Коом 3 декабрь 2025 14:50
592703368_1358546002411112_7241040093929930376_n.jpg
592856133_1358545972411115_2289541841953318782_n.jpg
592891241_1358546092411103_7763631322466176741_n.jpg
592909112_1358546082411104_3082841845775041409_n.jpg
592954282_1358545895744456_7113187428077227464_n.jpg
593466219_1358545965744449_8099460863346824048_n.jpg
594537381_1358545935744452_62791617395400969_n.jpg
594544146_1358545902411122_5660487167574085686_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кочкор районундагы борбордук стадионду куруп жаткан подрядчы уюмга эскертүү берди.

Ведомстводон маалымдашкандай, эскертүү курулуш объектисинде куруучулардын саны аз экенин жана иштердин белгиленген мөөнөттөн артта калып жатканына байланыштуу берилди. Ошондой эле министр бир жуманын ичинде жумушчу күчүн көбөйтүп, курулуш иштерин жандандыруу талабын койду.

Долбоорго ылайык, стадион 4000ден ашык көрүүчүгө ылайыкталат. Ал чуркоо жолдору бар футбол талаасынан, трибуналардан, VIP зонадан жана машыктыруучулар менен оюнчулар үчүн зарыл болгон спорттук бөлмөлөрдөн турат. Ошондой эле көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, унаа токтотуучу жай курулат. Жалпы аянты 2456,93 чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, стадион 1980-жылы курулуп, ошондон бери реконструкциядан өткөн эмес. Азыр жүргүзүлүп жаткан иштердин максаты улуттук стандарттарга жооп берген заманбап спорттук инфратүзүмдү түзүү. Бул стадион райондук жана республикалык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө ылайыкталган маанилүү спорттук борбор болот.