Уруксат кагазы жок балык уулоо: Кочкордо үч жаранга айып салынды

Коом Загрузка... 30 Июнь 2026 13:00
rybalka-1.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Кочкор районунун Арсы айылындагы “Пруд” тилкесинде эч кандай уруксат кагазы жок балык уулап жаткан үч жаран аныкталып, айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган факт министрликтин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери өткөргөн кезектеги рейд учурунда катталган.

"Бүгүнкү күндө балыктарды мыйзамсыз уулоонун алдын алуу жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле мындай текшерүүлөр аймакта туруктуу жүргүзүлүп турат",-деп айтылат маалыматта.