Күн күркүрөп, жаан жаайт: Алдыда күтүлгөн аба ырайы — Кабар

Күн күркүрөп, жаан жаайт: Алдыда күтүлгөн аба ырайы

Коом 7 июль 2026 18:23
Күн күркүрөп, жаан жаайт: Алдыда күтүлгөн аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызгидромет кызматы алдыдагы аптанын аба ырайынын болжолун таратты. Ага ылайык, өлкөдөгү аба ырайынын температурасы өзгөрмөлүү болот.

Чүй жана Талас облустарында

8-июлда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. 9–10-июль күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. 11-июлда күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 12–14-июль күндөрү да айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

8-июлда үч облустун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош облусунда күндүз айрым аймактарда жаан катуу жаашы мүмкүн. 9–11-июль күндөрү негизинен тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Өрөөндөрдө жаан-чачын көпчүлүк учурда күтүлбөйт. 12–14-июль күндөрү айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Ысык-Көл жана Нарын облустарында

8-июлда эки облуста тең айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу мүмкүн. 9-июлда Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. 10–11-июль күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 12–14-июль күндөрү да айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.