Күн ачык болот: 26-ноябрда күтүлгөн аба ырайы

Коом Загрузка... 25 Ноябрь 2025 18:50
aba-yrajy-kuz.png
copyright icon WWW

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-ноябрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, эртең өлкө аймагында күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +15... +20, Талас жана Баткен облусунда +14... +19, Ош, Жалал-Абад облустарында +15... +20, Ысык-Көл облусунда +6... +11, Нарын облусунда +5... +10 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында +18... +20 градус жылуу болот.