КМУда “Сибирь кыргыздарынын цивилизациясы” аталышында китептин бет ачары өттү

Коом Загрузка... 10 Ноябрь 2025 16:20
WhatsApp Image 2025-11-10 at 16.11.49.jpeg
copyright icon КМУ

Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде (КМУ) Илим күнүнө карата белгилүү тарыхчы, тарых илимдеринин доктору, профессор Виктор Козодойдун “Сибирь кыргыздарынын цивилизациясы” аталышындагы китебинин бет ачары болуп өттү.

Окуу жайдан билдиришкендей, иш-чарага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө китептин мазмуну, илимий жана тарыхый баалуулугу тууралуу кеңири талкуу жүрүп, профессор Виктор Козодой Сибирь кыргыздарынын тарыхый орду, маданий мурасы жана цивилизациялык өзгөчөлүктөрү боюнча маалымат берди.

Бул маанилүү иш-чараны КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Эл аралык журналистика жана медиакоммуникациялар бөлүмү уюштурду.