Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешменин жүрүшүндө "Өкмөттүк акселераторлор" аттуу 100 күндүк программанын алкагында ишке ашырылган үч реформанын жыйынтыгын чыгарды.
Адылбек Касымалиев "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында реформаларды жүргүзүүнү улантуунун маанилүүлүгүн, ошондой эле жүргүзүлгөн реформалардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 18-майында аталган программанын алкагында социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган 3 реформа демилгеленген. Биринчи реформа эмгек мигранттарынын мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.
Эми чет өлкөдө иштеген Кыргызстандын жарандары мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруунун системасына дистанциялык түрдө катышып, ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп, ошону менен өлкөдөн тышкары жүрүп да өзүнүн пенсиялык укуктарын түзө алышат. Буга чейин системада катышуу үчүн олуттуу административдик тоскоолдуктар бар болчу. Салык төлөөчүн кабинетине кирүү үчүн аймактык салык органына жеке өзү кайрылуу керек болчу. Мындан тышкары, банктык карта аркылуу ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн дистанциялык түрдө төлөө мүмкүнчүлүгү жок болчу, ал эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу электрондук кол тамганы мобилдик телефондун номерисиз алуу мүмкүн эмес эле.
Жүргүзүлгөн реформанын натыйжасында бул чектөөлөр жоюлду. Чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандарына эми мобилдик "Түндүк" тиркемеси аркылуу мобилдик телефондун номерин колдонбостон катталууга жана электрондук кол тамга алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле Салык төлөөчүнүн кабинетине дистанциялык кирүү камсыздалып, анда ыктыярдуу пенсиялык камсыздандырууну тариздөөгө жана тиешелүү камсыздандыруу полисин сатып алууга болот.
Дагы бир маанилүү өзгөрүү – ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн банктык карта аркылуу дистанциялык түрдө төлөө мүмкүнчүлүгү. Ошентип, негизги кызматтарды алуу үчүн жарандарга мамлекеттик органдарга жеке өзү кайрылуунун кереги калган жок.
Реформанын негизги натыйжасы – мамлекеттик пенсиялык кызматтар кайсы жерде болбосун кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү болду. Эмгек мигранттары административдик процедураларды өтүү үчүн Кыргызстанга кайтып келбестен эле өз алдынча пенсиялык укуктарын түзүп, карыганда татыктуу камсыз болууга кам көрүү мүмкүнчүлүгүн алышты.
Кийинки реформа окуучулардын алдын алуу медициналык кароосун жана ооруга чалдыгууну эсепке алууну санариптештирүүгө багытталган. Адылбек Касымалиевдин тапшырмасы жана президенттин администрациясынын координациясы менен 095/у формасындагы медициналык маалымкат жана 026/у формасындагы алдын алуу медициналык кароонун картасы электрондук форматта жүргүзүлдү.
Буга чейин бул документтер негизинен кагаз түрүндө таризделип, саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдарынын ортосунда кол менен өткөрүлчү. Бул медицина кызматкерлерине жана ата-энелерге кошумча жүк түзүп, алдын алуу кароолорунун жыйынтыгы бирдиктүү маалыматтык базага түзүлбөй калчу. Өткөн жылы 2 млнго жакын баланы алдын алуу кароосу менен камтуу керек болчу, иш жүзүндө 89 пайызы кароодон өткөн.
Реформанын алкагында "Sanarip Clinic" маалыматтык системасында санариптик модулдар иштелип чыкты, саламаттык сактоо жана билим берүү системаларынын ортосунда электрондук маалымат алмашуу камсыздалды. Эми 095/у жана 026/у формаларын медицина кызматкери электрондук түрдө түзүп, билим берүү уюмдарына өткөрүп берет жана ата-энелер "Түндүк" мобилдик тиркемесинен көрө алышат. Жаңы механизм медициналык жана билим берүү уюмдарынын ортосунда кагаз маалымкаттарды өткөрүү зарылдыгын жокко чыгарат, ошол эле учурда дарыгердик сырдын сакталышы камсыздалат.
Реформа биринчи жолу окуучулардын алдын алуу кароолорунун жыйынтыгы жана ооруга чалдыгуусу боюнча мониторинг жана башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн маалыматтардын бирдиктүү массивин түзүүгө мүмкүндүк берет. Бюджеттик каражаттардын күтүлгөн үнөмдөлүшү болжол менен 50 млн сомду түзөт.
Ишке ашырылган чаралар медициналык жана билим берүү уюмдарындагы кагаз документ жүгүртүүнү жана административдик жүктү кыскартууга, ата-энелер үчүн процедураларды жөнөкөйлөтүүгө жана мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Үчүнчү реформа медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүккө лицензия берүү процессин жөнөкөйлөтүү болду. Буга чейин лицензия алуу үчүн мамлекеттик органдарга жеке өзү кайрылып, документтерди кагаз түрүндө тапшыруу талап кылынчу. Айрыкча бул аймактардагы ишкерлер үчүн татаалдык жаратчу, анткени алар Бишкекке бир нече жолу келишүүгө аргасыз болушчу.
Мындан тышкары, процесс кошумча документтерди жана маалымкаттарды чогултууну да карайт эле. Аткарылган иштин натыйжасында лицензиялоо процесси санариптик форматта жүргүзүлө баштады. Эми Кыргызстандын каалаган аймагындагы ишкерлер онлайн арыз, зарыл документтерди тапшырып, мамлекеттик кызмат үчүн төлөм жүргүзүп, арызын кароонун жүрүшүн Саламаттык сактоо министрлигине барбастан эле көзөмөлдөй алышат.
Бул үчүн "Саламаттык сактоо жаатындагы лицензиялоо" маалыматтык системасы иштелип чыгып, мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграцияланып, өнөр жайдык пайдаланууга берилди.
Реформанын негизги жыйынтыктарынын бири – лицензия берүү мөөнөтү 30 күндөн 6–15 күнгө чейин кыскарды. Жыл сайын медициналык ишмердүүлүк жаатында болжол менен 450 лицензия жана ага тиркемелер, ал эми фармацевтикалык жаатта – болжол менен 900 лицензия берилет.
Ошентип, реформа ишкерлердин административдик жүгүн олуттуу түрдө азайтууга, кагаз документ жүгүртүүнү кыскартууга жана мамлекеттик кызматты өлкөнүн бардык аймактарындагы бизнес субъекттери үчүн жеткиликтүү кылууга мүмкүндүк берди.