Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. "Өкмөттүк акселераторлор" 100 күндүк программасынын алкагында медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүккө лицензия берүү процесси толугу менен санариптештирилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн аппараттык кеңешмеде белгилүү болду.
Мурда бул тармактагы ишкерлер лицензия алуу үчүн мамлекеттик органдарга жеке өзү келип, кагаз түрүндөгү документтерди тапшырууга аргасыз болушкан. Айрыкча региондордогу жарандар Бишкек шаарына бир нече жолу каттоого мажбур болуп, ар кандай кошумча маалымкаттарды чогултуу ишкерликке кыйла тоскоолдук жаратчу.
Аткарылган масштабдуу иштердин натыйжасында аталган бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлду. Бүгүнкү күндө өлкөнүн каалаган аймагындагы ишкерлер Саламаттык сактоо министрлигине барбастан эле онлайн форматта кайрыла алышат.
Жаңы санариптик системанын мүмкүнчүлүктөрү:
- Арыздарды жана зарыл документтерди электрондук түрдө жиберүү;
- Мамлекеттик кызматтар үчүн онлайн төлөм жүргүзүү;
- Арыздын каралуу жүрүшүн аралыктан көзөмөлдөө.
Бул максатта атайын иштелип чыккан "Саламаттык сактоо жаатындагы лицензиялоо" маалыматтык системасы бардык тиешелүү мамлекеттик маалыматтык системалар менен толук интеграцияланып, учурда өнөр жайлык пайдаланууга берилди.