Бишкек, 31.03.26. /Кабар/. Күн мурун Жогорку соттун судьялары Кеңешбек Токтомамбетов жана Качыке Эсенканов КМШ алкагындагы "Кылмыш жазаларын дайындоонун актуалдуу көйгөйлөрү" аттуу эл аралык тегерек столго катышты.
Жогорку соттон билдиришкендей, онлайн форматта өткөн талкууга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь, Армения жана Тажикстандын сот жана илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү кошулду.
Талкууда сот ишмердүүлүгүндө санариптик технологияларды жана жасалма интеллекттин элементтерин колдонуу маселелери каралды.
Ошондой эле кылмыш иштеринин айрым категориялары боюнча жаза белгилөөнүн өзгөчөлүктөрү жана КМШ өлкөлөрүндө бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуу талкууланды.
Катышуучулар соттук практиканы өркүндөтүү, кадрларды даярдоо сапатын жогорулатуу жана мыйзамдарды бирдей колдонууну камсыз кылуу боюнча сунуштарды беришти. Бул кадамдар сот адилеттигинин натыйжалуулугун арттырууга багытталган.