КМШ мейкиндигинде коопсуздук жана укук тартибин чыңдоо маселеси талкууланды

Коом 394 18 Июнь 2026 15:40
724478308_1822916935364397_2610719480287304913_n.jpg
723713205_1737356640636732_3405961935674619239_n.jpg
724706256_858696410196862_5762139516393480215_n.jpg
725698356_1542320304092938_478880548176467377_n.jpg
725966962_1531768961691575_2680295732787742814_n.jpg
726231781_1292819185938159_4717775833333398176_n.jpg
726262167_27015598928111879_6869278661580755035_n.jpg
726321992_1368403218481377_8916394738323631529_n.jpg
726392336_1472304954736460_5607082132885334707_n.jpg
726507959_2085519272370274_385308827717794192_n.jpg
726508576_4341719619377194_6548995907384510959_n.jpg
727029268_1999301467644860_794672300242532595_n.jpg
727304257_995911826417168_1587851360234288950_n.jpg
727393941_996530803133394_4246189139985721886_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ИИМ

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков КМШ өлкөлөрүнүн борбордук укук коргоо бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу шериктештикке мүчө мамлекеттердин ички иштер органдарынын борбордук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин VI кеңешмесинин алкагында өттү.

Иш-чарага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү, ошондой эле шериктештиктин аймагында уюшкан кылмыштуулукка жана башка коркунучтуу кылмыштарга каршы күрөшүүнү координациялоо бюросунун жана КМШнын аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.

Улан Ниязбеков өз сөзүндө коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоодо борбордук бөлүмдөрдүн өзгөчө ролун белгиледи. Ал азыркы учурда борбор калаалар ишкердиктин, транспорттун, каржы агымдарынын жана миграциялык активдүүлүктүн ири борборлору болуп саналарын, анда стратегиялык маанидеги инфраструктуралар жайгашып, күн сайын миллиондогон адамдар жүрөрүн белгиледи.

"Мындан тышкары, бүгүнкү күндө коркунучтар чек арадан ашкан жана жогорку технологиялык мүнөзгө ээ болууда. Алардын катарына киберкылмыштуулук, алдамчылык, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, мыйзамсыз миграция жана экстремизм кирет. Мындай коркунучтарга каршы натыйжалуу күрөшүү өз ара ишенимге, урматтоого жана биргелешкен аракеттерге негизделген эл аралык кызматташтыксыз мүмкүн эмес", - деди министр.

Жолугушуунун жүрүшүндө КМШ мейкиндигиндеги өз ара кызматташууну өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Улан Ниязбеков КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин кеңешинин коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгууда, ошондой эле укук коргоо органдарынын ортосундагы кесиптик байланыштарды чыңдоодо маанилүү аянтча болуп саналарын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда министр кеңешменин катышуучуларына жогорку кесипкөйлүгү жана кызматтык милдетине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, ишине ийгиликтерди, конструктивдүү диалогду жана мерчемделген демилгелердин ийгиликтүү ишке ашырылышын каалады.