КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтары кызматташтыкты бекемдейт

Коом Загрузка... 26 Май 2026 13:05
WhatsApp Image 2026-05-26 at 12.46.16.jpeg
copyright icon УКМК

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Жумгалбек Шабданбеков 25-майда Иркутск шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 58-жыйынына катышты.

Атайын кызматтан билдиришкендей, иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн компетенттүү органдарынын жетекчилери жана эл аралык түзүмдөрдүн өкүлдөрү чогулуп, эл аралык жана аймактык коопсуздукту камсыз кылууга тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

УКМК башчысы жыйында баяндама жасап, азыркы учурдагы чакырыктар менен коркунучтардын шартында эл аралык аракеттерди бириктирүүнүн жана КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын ортосунда тыгыз кесипкөй диалогду түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого жана Шериктештик мейкиндигинде коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөгө багытталган бир катар практикалык чараларды ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.