Бишкек, 06.11.25 /Кабар/. Бүгүн, 6-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин тик учагы Жалал-Абад облусундагы Сары-Кыр ашуусунда кар күрткүдө калган жаранды куткаруу операциясына учуп кетти.
Ведомстводон билдиришкендей, таң эрте жеринде 28 адам (анын ичинен 16сы ӨКМ кызматкерлери) жана 6 даана техника издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө.
Маалыматка ылайык, 5-ноябрда Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун Сары-Кыр ашуусунда 30 жаштагы К.Э. аттуу жаран автоунаасы менен кар күрткүсүнө тыгылып, жардам сураган.
Кечээ бул аймакка ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгына караштуу Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 4 куткаруучусу, 4 милиция кызматкери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жүктөгүч техника жөнөтүлгөн. Ошондой эле ӨКМге караштуу Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары да тартылган.
Мындан тышкары, Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Ч. Шекенов кырдаалды көзөмөлгө алуу жана куткаруу иштерин ыкчам улантуу максатында жыйын өткөргөн.
ӨКМнин маалыматына караганда, куткаруу иштеринин жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.
Эске салсак, бул унаа жолу 2025-жылдын 1-октябрында Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун акимдери чыгарган тескемелердин негизинде убактылуу жабылган.