Өрт өчүрүүгө барганга май жок күндөр болгон – ӨКМ башчысы

Коом Загрузка... 22 Июнь 2026 11:40
WhatsApp Image 2026-06-22 at 11.31.58.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникасы акыркы жылдары эки-үч эсе көбөйдү. Бул тууралуу "Кабар подкастка" өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев билдирди.

Анын айтымында, 5-10 жыл мурдагы техникалык потенциал менен азыркы абалды салыштырганда чоң айырма бар. Мурда бир облуста бир эле экскаватор болсо, учурда бардык аймактар заманбап техника менен камсыздалган.

"Мурда ӨКМде бир облуста бир эле экскаватор болчу. Азыр аймактарда андай көрүнүш жок. Бардык жерде курулуштар жүрүп, техникалар абдан көп. Учурда техникалык жабдыктарды жылына жаңылоого аракет жасап жатабыз. Быйыл февраль айында 116 заманбап инженердик техника алдык. 2024-жылы жаңы өрт өчүрүүчү унаалар келген. Азыр ар бир бөлүктө өрт өчүрүүчү заманбап унаалар иштеп жатат. Бир кезде өрт чыккан жерге барууга унаага май жок кез болсо, учурда бизде күйүүчү май жетиштүү көлөмдө", — деди Чыныбаев.

Министр белгилегендей, мурда кадрдык потенциал күчтүүрөк болгон, анткени кызматкерлердин арасында Советтер союзунун учурунда билим алган адистер бар эле.

"Азыркы кызматкерлер ошол тажрыйбаны сактоо менен заманбап ыкмаларды өздөштүрүп иш алып барышууда",-деп кошумчалады министр.