Жетекчилик курамдын дээрлик 70 пайызы алмашты – ӨКМ башчысы

Коом Загрузка... 22 Июнь 2026 16:55
WhatsApp_Image_2026_92upcqf.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жетекчилик курамдын 70 пайызга жакыны алмашты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, жүргүзүлгөн анализ жана аудит иштеринин жыйынтыгында министрликте айрым коррупциялык көрүнүштөр аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлгөн.

“Азыр андай кызматкерлерди тазалап, жетекчилик курамды дээрлик 70 пайызга алмаштырууга аракет кылдык. Жакшы иштеп жаткан кызматкерлер ишин улантып жатат. Мен азыр күчтүү команда топтоп алдым деп ойлойм”, - деди ал.

Министр ошондой эле биринчи күндөн тарта министрликти түздөн-түз жеринде башкарууга артыкчылык берип жатканын белгиледи. Ал көп учурда иш бөлмөсүндө отурбай, кызматкерлер менен жер-жерлерде жолугуп, жүргүзүлүп жаткан иштерди өз көзөмөлүнө алып жатканын айтты.

“Үч айдын ичинде эң көп дегенде 11–12 күн гана иш бөлмөмдө отурдум. Калган убакытта жер-жерлерде болуп, иштердин жүрүшүн көзөмөлдөп жатам. Себеби, курулуш жана аткаруу иштеринде ар кандай маселелер чыгып турат”, - деди Чыныбаев.

Ошондой эле министр кызматка келгенден бери дем алыш күндөрдүн көпчүлүгүн иште өткөрүп келе жатканын кошумчалады.