ӨКМде эки күндүк штабдык машыгуу өтүүдө

Коом 12 Февраль 2026 12:44
631021960_1312907060882017_7550690570904554323_n.jpg
631359622_1312906997548690_6728629155900605951_n.jpg
632451708_1312907047548685_7665983655289178777_n.jpg
631804434_1312907067548683_2040211702031298891_n.jpg
631607983_1312907094215347_6036148723133827871_n.jpg
633864121_1312907004215356_1494514066110654292_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Бүгүн таң эрте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамына айгай жарыяланып, эки күндүк штабдык машыгуу өз ишин баштады.

Министрликтен билдиришкендей, машыгуунун алкагында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде Жарандык коргонуу күчтөрүнүн даярдыгын жогорулатуу боюнча жыйын өттү.

Анда табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар катталган учурда калкты жана аймактарды коргоо, мамлекеттик тутумдун күч-каражаттарын ыкчам даярдыкка келтирүү маселелери талкууланды.

Жыйында төмөнкү негизги багыттарга өзгөчө көңүл бурулду:

  • Жарандарды коопсуз жайларга эвакуациялоону уюштуруу;
  • Авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү;
  • Кошумча күчтөрдү тартуу жана гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү;
  • Кырсыктын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштери.

Белгилей кетсек, бул иш-чара өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин буйругу менен жарандык коргонуунун натыйжалуулугун арттыруу максатында өткөрүлүүдө.